Ош: Мушташка катышкан бажы кызматкерлери кызматтан алынат

Ош: Мушташка катышкан бажы кызматкерлери кызматтан алынат

Ош шаарындагы Sky Bar түнкү клубунда мушташка катышкан бажы кызматкерлери иштен алынат. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда маалымат жыйында Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков билдирди.

Анын айтымында, мушташка катышып, кыз кишиге кол көтөргөн кызматкер Бажы кызматынын офицеринин атын дискредитациялаган.

Исабеков билдиргендей, бажы кызматкерлери катышкан окуя боюнча Аскер прокуратура тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Окуя тиешеси эки кызматкер иштен алынат. Бир кызматкер мушташка түздөн-түз катышкан болсо, экинчиси ал окуяга аралашкан.

Эскерте кетсек, жыл башында Ош шаарындагы Sky Bar клубунда белгисиз эки адам кафеге келген кишилердин бирин ур-токмокко алганы тартылган видео тараган. Андан тышкары алардын бири кафедеги кызга кол көтөргөн. Алар УКМК менен Бажы кызматынын кызматкери экени айтылган.

Кийинчерээк УКМК аталган окуяга катышы бар кызматкерлери кызматтан алынганын билдирген.

Түнкү клубдагы мушташка катышкан УКМК кызматкерлери иштен алынды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>