Кумшекер жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салынды

Кумшекер жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салынды

Өкмөт кумшекер жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылга карата маалымат боюнча, кумшекердин 56 пайызы ата мекендик компаниялар тарабынан өндүрүлөт, калган 44 пайызы коңшу өлкөлөрдөн импорттолот. баанын өсүүсү Россия, Казакстан жана Тажикстанда кумшекердин баасы көтөрүлгөнү менен байланыштырган.

“Азыркы учурда өлкөдө эң керектүү азыктардын тартыштыгына жол бербөө жана алардын баасын түшүрүү үчүн премьер-министр Улукбек Марипов токтомго кол койду, ага ылайык, өлкөдөн кумшекер жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салынат”, — дейт министр.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>