Кумтөрдө көчкүнүн алдында калып дайынсыз жоголгон кызматкерлерге жаназа окулду — фото

Кумтөрдө көчкүнүн алдында калып дайынсыз жоголгон кызматкерлерге жаназа окулду — фото

Кумтөр кенинде көчкү астында калып, дайынсыз жоголгон 2 кызматкерди издөө иштери токтотулуп, аларга ошол жерден жаназа окулду. Бул тууралуу кечээ, 10-январда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, издөө иштеринин токтотулгандыгына карабай тиргөө жана кырсыктын себептерин аныктоо аракеттери улантылып жатат. Аларды табуу иштерине ӨКМдин, Кумтөр кенинин кызматкерлери гана эмес, 2019-жылдын 1-декабрынан тарта жоголгон жумушчулар Өмүрбек Ишенбеков менен Жолдош Жунушевдин туугандары да тартылган болчу.

Эске сала кетсек, Кумтөрдүн Лысый өрөөнүндөгү жараксыз жер катмары 1-декабрь көчүп түшкөн. Көчүп түшкөн  катмардын узуну 450 метр, туурасы 570 метр, бийиктиги 50 метр, жалпы көлөмү 12 миллион 825 миң метр куб.

Изделип жаткан жумушчулар  так ошол жер көчкүнүн астында калышкан. Алар тоо-кен бөлүмүнүн мастери 35 жаштагы Өмүрбек Ишенбеков менен бульдозердин айдоочусу 47 жаштагы Жолдош Жунушев экени аныкталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>