Кумтөрдө жер астынан алтын казуу расмий башталды

27.08.2025 | 13:59

Президент Садыр Жапаров «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жер астынан алтын казуу долбоорунун башталышына арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттик Администрация кабарлады.

Маалыматка ылайык, мамлекеттин менчигине кайтарылган Кумтөр алтын кенинде мындан ары 17 жыл ичинде 147 тонна алтындын геологиялык запасын казууну пландаштырууда.

Мамлекет башчысы белгилегендей, жер астынан казуу долбоору айлана-чөйрөнү жана мөңгүлөрдү сактоого багытталган, ал эми мурдагы ачык карьердик ыкма менен салыштырганда бош тоо тектердин казылышын азайтат.

2021-жылдан бери Кумтөрдөн киреше:

  • Жалпы киреше: 3,445 млрд доллар
  • Мамлекетке төлөнгөн салыктар: 891,6 млн доллар
  • Алтын өндүрүшү: 54 тоннадан ашык
  • Дивиденд: 441 млн доллар

Жапаров белгилегендей, алдыда Кумтөрдүн жана башка кендердин калдык сактоочу жайларын тазалоо жана Тоголок кенин иштетүү пландалууда, өлкөнүн тоо-кен тармагы экономикалык күчкө айланып, элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылат.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top