Кунарсыз жайыт жерлер үчүн үрөндөр аймактарга бекер таратылууда

07.10.2025 | 13:47

Айыл чарба министрлиги кунарсыз жайыт жерлер үчүн жайыт чөптөрүнүн жана эспарцеттин үрөндөрүн аймактарга бекер таратууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мекеме күз айларында себүү иштерин жүргүзүү максатында республикалык бюджеттен бөлүнгөн 50 млн сомго үрөн сатып алган.

Учурда жалпысынан 173 292 килограмм үрөн: кылкансыз түбү бош, таракбаш, жайыт райграсы жана эспарцет 9 миң 650 гектар кунарсыз жайыт жерлерди жакшыртуу үчүн аймактарга бекер таратылып жатат.

“Учурда үрөндөр Ош, Баткен, Жалал-Абад, Чүй, Нарын жана Талас облустарына жеткирилди. Ал эми Ысык-Көл облусунда таратылууда. Бул демилге жайыттардын түшүмдүүлүгүн жогорулатып, мал чарбасы үчүн тоют базасын чыңдоого жана айыл чарба тармагынын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт”,- деп билдирди министрлик. 

Scroll to Top