Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишке комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода-деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандар
Атамды сагындым. Ошто президентке жолуга албай ыйлаган кыздын тилеги орундалды
07.10.2025 | 14:06

Буга чейин социалдык тармактарда Ош шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы сейил бактын ачылышында президентке жолуга албай, көзүнө жаш алган кичинекей кыздын видеосу тараган.
Кийин кыздын апасы түшүндүрмө берип, күйөөсү аскер кызматкери экенин жана учурда Бишкекте иштеп жатканын айткан. Анын билдиришинче, үй-бүлө майыптыгы бар баласы жана жаш балдарынын шартынан улам Бишкекке көчүп келе албай, кыздары атасын сагынып, президенттен атасын Ошко которуп берүүсүн сурангысы келген.
Бүгүн, 7-октябрда кыздын атасын Ош шаарына кызмат орду менен которуу маселеси чечилип жатканы кабарланды.
Бул маалымат социалдык тармактарда жылуу кабыл алынып, көпчүлүк кыргызстандыктар президенттин элдин үнүн укканы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.