Кундус Кырбашева Жашыл келечекке жол ачкан лидер айым

30.08.2025 | 14:50

Ушул жылдын 20-август күнү Бишкекте өткөн “Дүйнөнү жакшы жакка өзгөрткөн лидер аял” форуму Борбор Азия аймагындагы аялдардын коомдук, саясий жана экономикалык турмушка кошкон салымын айкын көрсөткөн ири аянтча болду. Ага Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова жана Өзбекстан президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева катышты.

Бул ири иш-чарада жүздөгөн ар кыл тармакта жетишкендикке жеткен айымдардын арасында Кыргызстандын “Жашыл Энергетика” фондунун жетекчиси, экологиялык жаңы доордун жарчысы Кундус Кырбашева өзгөчө орунду ээледи.

Кыргызстандагы лидер айымдардын бири, “Жашыл Энергетика” фондунун жетекчиси Кундус Кырбашева «Аялдар – жашыл өткөөл доорундагы жаңы мүмкүнчүлүктөр: Борбордук Азиядагы аймактык кызматташтыктан Кыргызстандагы жергиликтүү чечимдерге чейин» деген тема менен чыгып сүйлөдү.

Ал климаттык өзгөрүүлөрдүн аймакка тийгизген таасирине токтолуп, аялдардын бул кырдаалга өзгөчө аялуу экенин белгиледи. «Аялдар үй-бүлөдө суу, тамак-аш жана ден соолук үчүн жоопкерчиликти көп учурда өз мойнуна алышат. Ошондуктан алар климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепетин биринчи сезишет», – деди ал.


Ошол эле учурда Кырбашева жашыл өткөөл мезгили аялдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратканын айтты. Анын айтымында, кайра жаралуучу энергия, ESG стандарттары, жашыл стартаптар жана эл аралык гранттар аялдардын лидерлик сапаттарын ачууга шарт түзөт.

Анын негизги пикири так жана таасирдүү болду: “Аялдар жашыл өткөөлдүн катышуучулары гана эмес, анын айдоочулары. Биз аларды чечим кабыл алууга канчалык активдүү кошсок, келечегибиз ошончолук туруктуу болот”.

Кундус Кырбашеванын жетекчилиги менен жакында эле Кыргызстанда тарыхый окуя катталды — өлкөдө алгачкы шамал генератору орнотулду. Бул окуяны ал улуттун кыялынын ишке ашуусу катары сүрөттөп, мындай деди:

“Бул жөн гана генерация эмес, бул улуттун кыялы, жашыл келечекке жол ачкан символ. Кыргызстандын шамалы эми электр энергиясына айланып, өлкөбүздү жарыктандырат. Бул жаңы доордун башталышы!”

Бул – Кыргызстандын жаңы доору, жашыл энергетиканын жаңы барагы, шамалдын күчүнөн жаралган келечек! Кечээ эле кыялданганбыз, бүгүн ишке ашырдык. Эртең бул кыял өлкөбүздүн экономикасын көтөрүп, келечек муундарга мурас болуп калат. 

Мен өз өлкөм менен сыймыктанам!  Биздин шамал — биздин күч! Биздин келечек жашыл энергияда!”,-деген ал.


Анын сөздөрү коомчулукка чоң дем берди. Чындыгында, шамал генераторунун орнотулушу Кыргызстан үчүн техникалык ийгилик гана эмес, жаңы жашыл доордун башталышы, келечек муундарга калчу чоң мурас болуп калды.

Кундус Кырбашева Жашыл энергетиканын жүзү! Форумдагы сөзү да, иш жүзүндөгү долбоорлору да Кырбашеванын өлкө келечегине болгон берилгендигин көрсөттү. Ал аймактагы аялдар үчүн үлгү болчу лидер. Жашыл энергетика аркылуу ал экономикага дем берип, аялдардын социалдык активдүүлүгүн арттырып, Кыргызстанды туруктуу өнүгүүгө жетелеп келет.

Анын ар бир кадамы – экологиялык адилеттүүлүккө, улуттун келечегине жана жаш муундардын жашыл Кыргызстанына арналган.

Scroll to Top