Курал, бангизат, $150 миң. ИИМ кармалган саясатчылар жана даярдалып жаткан төңкөрүш тууралуу

23.11.2025 | 00:12

Кармалган саясатчылар шайлоодон кийин массалык башаламандык уюштурууну пландаган. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди.

«Жогорку Кеңеш шайлоосунан кийин массалык башаламандык уюштурууну көздөгөн деструктивдүү топтун иши токтотулду. Анын курамына саясатчы фигуралар, мурунку депутаттар, мурдагы мамлекеттик кызматкерлер жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кирген. Алар өз тарапташтарын, анын ичинде ОПГ өкүлдөрүн жана спорттук топторду провокацияларга жана күч колдонууга үндөп келишкен», — деп айтылат маалыматта.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, кармалгандар өлкөнүн түштүгүнөн баштап, кийин Бишкекте жана башка аймактарда шайлоонун жыйынтыгынан кийин нааразычылык митингдеринин сериясын уюштурууну пландашкан. Максат — массалык нааразылык бар деген элес жаратуу болгон. Алардын пландарында Конституцияга каршы чакырыктар, административдик имараттарды, телеканалдарды, күч түзүмдөрүнө тиешелүү объекттерди, курал-жарактарды жана пенитенциардык мекемелерди басып алуу аракеттери да болгон деп айтылат.

«Топтун так иерархиясы жана ролдорду бөлүштүрүү системасы бар болчу. Координациялык топтор саясий талаптарды коюшу керек эле, ал эми криминалдык түзүмдөр күч колдонуу менен коштоо милдетин аткармак. Айрым катышуучулар алдын ала болочок кызматтарды өз ара бөлүштүрүп алган. Тинтүүлөр учурунда курал, ок-дарылар, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, башаламандыкты каржылоо боюнча документтер, аракеттердин пландары жана баңгизаттар табылып, алынган», — деп кошумчалашты ИИМден.

Кармалгандар — А.У., 1963-ж.т., С.Т., 1998-ж.т., А.Ш., 1979-ж.т., Э.Э., 1983-ж.т., М.Д., 1984-ж.т., Ш.Т., 1986-ж.т., А.К., 1993-ж.т., А.у.Э., 1993-ж.т., К.Н., 1993-ж.т., К.К., 1970-ж.т. — Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «зомбулук, талкалоо, өрт коюу жана башка мыйзам бузуулар менен коштолгон массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык» беренеси боюнча айыпталышууда. 9 саясатчы Убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эске салсак, Буга чейин Темирлан Султанбеков массалык баш аламандыкка чакырган деп шектелип кармалган.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун үйүндө тинтүү жүрүп, суракка алынган. Андан кийин Тергөө кызматына мурдагы Каржы полициясынын төрагасы Сыймык Жапыкеев, Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров жеткирилгени, ал эми Атазовдун кармалганы белгилүү болду.

Мындан тышкары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева, Темирлан Султанбековдун ата-энеси жана сиңдиси суракка чакырылганы айтылган.

Андан кийин «Апрель» телеканалынын мурдагы жетекчиси, журналист Дмитрий Ложниковдун үйүндө тинтүү жүрүп, өзү ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилгени маалымдалды.

Бардыгы массалык баш аламандыкка чакыруу беренеси боюнча сурак беришүүдө.

Scroll to Top