Курманбек Бакиевдин ысымынын көчөгө ыйгарылышы талкуу жаратты

Курманбек Бакиевдин ысымынын көчөгө ыйгарылышы талкуу жаратты

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине мурдагы президент Курманбек Бакиевдин ысымынын ыйгарылышы интернетте талкууга алынууда.

Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы Жакшылык Эгембердиев билдиргендей, ат коюлганына төрт күн болгон.

Айыл өкмөт башчысынын айтымында жаңы көчөгө качкын президенттин атын берүүнү жергиликтүү эл сунуш кылып, аны айылдык кеңештин депутаттары колдоп, токтом кабыл алышкан.

Эскерте кетсек, Курманбек Бакиев 7-апрель окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Аны аскер соту сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан.  Учурда ал Белоруссиянын борбору Минск шаарында жашап келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>