«Курманжан-Датка» тасмасынын режиссеру Мурат Алиев көз жумду

«Курманжан-Датка» тасмасынын режиссеру Мурат Алиев көз жумду

Жогорку даражадагы режиссер Мурат Алиев каза болду. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясынан билдиришти.

Режиссёр 17-июлда өпкөсүнөн кагынып (пневмония) көз жумган. Ал 72 жашта болчу.

Мурат Алиев 1948-жылы 10-декабрда Нарын шаарында туулган. Эмгек жана чыгармачылык жолун 1966-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында оператордун жардамчысы болуп баштаган. 1979-жылы ВГИКтин кинематография бөлүмүн бүтүргөн.

Алиев белгилүү «Курманжан-Датка» тасмасынын режиссеру болгон.

Reporter.kg  маалымат агенттигинин эмгек жамааты Мурат Алиевдин көз жумгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>