Курсан Асанов Бишкек шаарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чогулуш өткөрдү

Курсан Асанов Бишкек шаарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чогулуш өткөрдү

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу, Бишкек шаарынын коменданты Курсан Асанов Бишкек шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча жыйын өткөрдү.

Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, жыйынга ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү жана Бишкек шаардык милициясынын өздүк курамы катышкан.

“Бардыгынарды  чагымчылдыкка алдырбоого, мыйзамдын чегинде өзүңөрдү алып жүрүүгө чакырам. Милиция кызматкерлери ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү менен укукка каршы аракеттерди болтурбоо керек. Анткени Биш шаарынын жашоочуларынын жана анын меймандарынын бейпилдиги менен коопсуздугу баардыгынан маанилүү», ­– деген ал.

Министрликтен кошумчалагандай, азыркы учурда милициянын өздүк курамы республика аймагында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.
[su_image_carousel source=»media: 43092,43091,43090″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>