Кыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулатСокулук районунда 6 млн долларга соода-логистикалык борбор курулатФеликс Кулов Казакстандын жаңы Конституциясына баа берди: алдыга карай чоң кадам жана «кош бийлик» тобокелдиктери
Курсан Асанов: Кашкар Жунушалиев качып кеткен
08.10.2020 | 11:24
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев качып кеткен. Бул тууралуу Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Курсан Асанов маалымат жыйында айтты.
“Кашкар Жунушалиев азыр жок, качып кеткен. Ааны азыр кайда экенин билбейм.Ал эми анын орун басарлары иштеп жатышат”, – деди Асанов.
Белгилей кетсек, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар 5-октябрда Ала-Тоо аянтына митингге чыккан. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак Үйдү жана УКМКны басып алышкан.
6-октябрь күнү Курсан Асанов ички иштер министринин милдетин аткарып баштаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат