«Манас» эл аралык аэропортуна жаңы унаа жол курулатЖайыл районунда тогуз жетим балага жер тилкелери берилдиЫсык-Ата районунда 2400 гектар жерди сугаруу үчүн суу сактагычтын курулушу аяктоодоКурулуш министрлигинде 1,5 млрд сомдук каржылык бузуулар аныкталдыСокулукта жоголуп жаткан 9 жаштагы Нурислам табылдыКыргызстандын парламентинин төрагасы Москвада эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо маселелерин көтөрдү
Курулуш министрлигинде 1,5 млрд сомдук каржылык бузуулар аныкталды
27.03.2026 | 12:51

Эсептөө палатасы курулуш тармагында 1 млрд 585 млн 293,5 миң сомдук каржылык бузууларды аныктады. Бузуулар Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн 2024-жылдагы ишине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында белгилүү болгон.
Текшерүүдө төмөнкү каржылык бузуулар аныкталды:
- Дебитордук карыздарды эсепке алуудагы бузуулар — 1 млрд 169 млн 294,1 миң сом;
- Курулуш-куроо иштеринин наркын жана көлөмүн жогорулатуу — 166 млн 87,5 миң сом;
- Башка булактардан каржылануучу чыгымдарды бюджеттин эсебинен төлөө — 85 млн сом;
- Каражаттарды бирдиктүү казыналык эсептен тышкары пайдалануу — 40,1 млн сом;
- Эсепке алынбаган мүлктүн болушу — 26,6 млн сом;
- Эмгек акы жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ашыкча чыгымдар — 24 млн сом;
- Капиталдык салымдарды пайдалануудагы жана курулуш иштерин аткаруудагы башка бузуулар — 23,4 млн сом;
- Мажбурлап өндүрүү суммаларын бюджетке толук эмес чегерүү — 15,9 млн сом;
- Белгиленген өлчөмдөн ашык аванстык төлөмдөрдү которуу — 7,7 млн сом;
- Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тартибин сактабагандык — 7 млн сом;
- Бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн кечиктирилиши — 4,4 млн сом.
Эсептөө палатасынын маалыматы боюнча, аныкталган бузуулардын ичинен 349 млн 414,9 миң сому калыбына келтирилиши керек. Текшерүү учурунда анын 122 млн 191,3 миң сому (35%ы) калыбына келтирилген.
Ошондой эле мекеме Курулуш министрлигине каржылык тартипти чыңдоо, бюджеттик мыйзамдарды сактоо жана каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча тапшырмаларды берди.