Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакчанын курулушу башталдыБорбор калаанын базарларында жана дүкөндөрүндө жумуртканын баасы орточо эсеп менен бир даанасына үч сомго чейин арзандадыКыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайтДүйнө глобалдык экономикалык кризистин босогосунда турат жана Кыргызстандын ШКУдагы ролу азыр өтө маанилүү — экспертИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгодуОштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгарат
Кувейт Кыргызстандагы айылдарды таза суу менен камсыздоо үчүн грант бөлөт
09.09.2025 | 14:34

8-сентябрда Жогорку Кеңештин комитетинде аймактардагы калктуу конуштарды суу менен камсыздоо боюнча Кыргызстан менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы 68 айылды ичүүчү суу менен камсыздоо иштери үчүн техникалык-экономикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана алдын ала дизайнды даярдоо максатында иштелип чыккан. Бул максатта 300 миң кувейт динары (1 млн доллары) өлчөмүндө грант берүү каралган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом