Күч түзүмдөрүндө иштеп пенсияга чыккан жарандардын да пенсиясы көтөрүлөт

Күч түзүмдөрүндө иштеп пенсияга чыккан жарандардын да пенсиясы көтөрүлөт

Күч түзүмдөрүндө иштеп пенсияга чыккан жарандардын пенсиясын көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.

Анын айтымында, күч түзүмдөрүндө иштеп пенсияга чыккан жана учурда иштебеген жарандардын акчасы көбөйтүлмөкчү.

«Азыр биз документ даярдап жатабыз. 1-октябрда ал президенттин кароосуна киргизилет», — деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Социалдык фонд Кыргызстандагы пенсионерлердин пенсиясы 1-октябрдан тарта көтөрүлөрүн кабарлаган. Ага ылайык пенсия 18%га, кеминде 1 миң сомго көбөйтүлөт. Пенсия көбөйтүлгөндөн кийин өлкөдөгү пенсиялар 6,9 миң сомдон кем болбой турганы айтылган.

Күч түзүмдөрүндө иштеп пенсияга чыккан жарандардын пенсиясы Социалдык фонд эмес, республикалык бюджеттин эсебинен төлөнөт. Мындан улам алар Социалдык фонд тарабынан пенсиясы көтөрүлө турган пенсионерлердин катарына кирген эмес.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>