Кыйноолорду алдын алуу борбору Атамбаевден кабар алып келди

Кыйноолорду алдын алуу борбору Атамбаевден кабар алып келди

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери мурунку президент Алмазбек Атамбаевден кабар алып, абактагы камеранын шарттары менен таанышып келишти. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

“Атамбаев кармалып жаткан камерага жылуулук жакшы болбосо да берилип жатыптыр. Канализация жаңы кошулуптур. Учурда Атамбаев иши тергөөдөгү адам менен чогуу олтурат. Ал абактын шарттарына нааразы жана ачкачылыгын улантууда”, – дешти борбордон.

Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 тергөө абагына 26-октябрда которулган.

Анын жактоочусу Замир Жоошев Атамбаев абактын жертөлөсүндөгү шарттары начар камерага киргизилгенин, ачкачылык жарыялап, абалы начарлаганын айткан.

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинин негизинде быйыл 11 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле ал Кой-Таш окуялары боюнча соттолууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>