Күйүп кеткен “Арсланбап-Ата” кыздар медресеси кайра оңдолууда

09.01.2023 | 13:39

Жалал-Абад облусунда күйүп кеткен “Арсланбап-Ата” кыздар мектеп медресеси ашар жолу менен кайрадан калыбына келтирилип жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев билдирди.

Анын айтымында, ал 6-январда медресенин абалы менен таанышкан.

“Жакында эле бул кыздар мектеп медресесин кырсык басып, күйүп кеткен эле. Бүгүнкү күндө эл ашар жолу менен кайрадан калыбына келтирип, оңдоп-түзөп жатыптыр. Мен дагы үстүн жаап, 50 комплект керебет эмериктерин алып бердим. Мындан ары дагы колумдан келишинче жардам берем”, – деп билдирген депутат.

[image_carousel source=”media: 172530,172531,172532,172533,172534″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top