Бишкекке америкалык, европалык туристтердин поезди келдиТаластагы Эгемендүүлүк майрамында Arash, Fly Project, K-Maro, Nana жана Кайрат Нуртас ырдайтКыргызстанда балдарга кош фамилия берүүгө уруксат берүү сунушталуудаКыргызстан Кытай рыногуна малина, кара бүлдүркөн жана карагат экспорттоого жол ачтыЖогорку Кеңештин Регламентинде президенттик шайлоонун датасы өзгөртүлөтОш шаарында жалпы 12 чакырым жол пайдаланууга берилди
Таласта күйүүчү майды мыйзамсыз ташып келе жаткан жаран кармалды
09.01.2023 | 13:21
Таласта күйүүчү майды мыйзамсыз ташып келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-январда Талас районунун Кара-Ой айылында 45 жаштагы Н.А. аттуу жарандын башкаруусундагы (мамлекеттик номери 08 KG 874 AAN) “ДАФ” унаасы токтотулган.
“Текшерүү учурунда тиешелүү документтери жана цистернанын капкактарында контролдук пломбалары жок 36 тонна (баасы 3 млн сомдон ашык) күйүүчү-майлоочу майлар бар экени аныкталган. Учурда күйүүчү-майлоочу майлардын келип чыгышынын бардык жагдайларын изилдөө, ошондой эле милдеттүү салыктыкты төлөбөй коюу түрүндөгү зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат маалытатта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз