Күйүп кеткен “Арсланбап-Ата» кыздар медресеси кайра оңдолууда

Күйүп кеткен “Арсланбап-Ата» кыздар медресеси кайра оңдолууда

Жалал-Абад облусунда күйүп кеткен “Арсланбап-Ата» кыздар мектеп медресеси ашар жолу менен кайрадан калыбына келтирилип жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев билдирди.

Анын айтымында, ал 6-январда медресенин абалы менен таанышкан.

“Жакында эле бул кыздар мектеп медресесин кырсык басып, күйүп кеткен эле. Бүгүнкү күндө эл ашар жолу менен кайрадан калыбына келтирип, оңдоп-түзөп жатыптыр. Мен дагы үстүн жаап, 50 комплект керебет эмериктерин алып бердим. Мындан ары дагы колумдан келишинче жардам берем”, — деп билдирген депутат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>