Кылмышкердин тузагына тогуз окуучу кыз түшкөн. Жалал-Абадда сөйкө ууру кармалды – сүрөт

26.05.2021 | 17:46

Ноокенде өспүрүм кыздарын сөйкөсүн чечип кетип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө Кочкор-Ата шаарынын 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 19-майла 11 жаштагы кызы мектептен үйүнө бараткан учурда, азиат келбетиндеги 30-35 чамасында болгон белгисиз киши, алдоо жолу менен кулагындагы 12 миң сомдук сөйкөсүн чечип алып кетип калганын билдирген.

Бул факт 201-берене (Тоноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, мурда бир нече ирет соттолгон Базар-Коргон районунун тургуну 40 жаштагы М.У. кармалган. Бул аталган жарандын башка дагы кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталды. Анын ичинде Ноокен районунун аймагында 4, Сузакта 2, Өзгөн районунда 2 жаш өспүрүм кыздардын алтын сөйкөлөрүн чечип алып изин жашырып кеткендиги боюнча маалыматтар алынган.

25-майда шектүү 98-берененин негизинде 48 саатка Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда анын башка кылмыш иштери боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

[image_carousel source=”media: 80762,80763″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Scroll to Top