Кыргызстан малдын кооптуу инфекцияларынан коргонуу үчүн ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүдөЖурналист Махабат Тажибек кызы эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде бошотулдуОш шаарындагы Ак-Буура дарыясынын 17 чакырымы таштандыдан тазалануудаЭнергетика министрлиги эки индиялык компания менен кызматташуу боюнча келишим түздүОш шаарындагы Хохлова көрүстөнүнүн ордуна көчөттөр отургузулуп, жашыл аймакка айланатКыргызстанда балдардын жасалма сүт аралашмаларынын жана соскалардын жарнамасына толук тыюу салуу сунушталууда
Кылычбек Саркарбаевдин ордуна убактылуу жетекчи келди
18.02.2020 | 18:14
Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетин убактылуу Кубатбек Дубанаев жетектейт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.
Кубатбек Дубанаев шаардык спорт комитетинде 2009-жылдан бери башкы адис болуп эмгектенип келген. Ага чейин Ош облустук туризм, дене тарбия жана спорт комитетинде иштеген.
Буга чейин шаардык спорт комитетин жетектеп келген Кылычбек Саркарбаев эрежесиз эр уруш мушкери Төлөгөн Рахманберди уулунун андан запкы жегенин айтып чыккандан кийин ээлеген кызматынан убактылуу четтетилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат