БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Кымбатчылык басты. Депутат өкмөттөн атайын программа түзүүнү өтүндү
23.06.2022 | 11:41
Жогорку Кеңештин 23-июндагы жыйынында депутат Коргонбай Жусупбек уулу өлкөдөгү кымбатчылык маселесин көтөрдү.
Анын айтымында, бул боюнча өкмөт атайын программа түзүшү керек.
“Кымбатчылык басты. Эттин баасы 600 сомдон ашып кетти. Суу майдын литри 170 сом, кум шекер 105 сом, сүт 70 сомдон ашты. Биздин малчылар уйдун сүтүн 20 сомдон тапшырат, бирок дүкөндөрдө 70 сомдон сатылат. Өкмөт атайын программа түзүп, кымбатчылыктын алдын алуусу керек”, – деди депутат.
Ошондой эле, ал жумуш орундарын түзүү боюнча жергиликтүү өндүрүшчүлөргө атайын программа түзүүнү сунуштап: “Мигранттарды Лондонго, Америкага жиберип жатабыз деп мактанбашыбыз керек. Аларга жумуш орундарын түзүп, кайра кайтарышыбыз зарыл”, – деди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом