Милиция тарабынан кылмыш иши козголуп, кийин сот тарабынан акталган Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовго мамлекет 500 миң сомдон кенемте төлөп бермей болду.
Эскерте кетсек, 2023-жылы 14-июлда саат 20:30дарда Селекция айылынын жана Сары-Өзөн конушунун тургундары 3 ай суусуз отурганын билдирип, митингге чыгышкан. Акцияга чыккан жарандар Бишкек – Күн-Туу жолун тоскон.
Милиция билдиргендей, алар жерине барып эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканда, жарандар укук коргоо кызматкерлерине таш ыргытып, жол тосууну улантышкан. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен 15-июлда саат 02:00до жол ачылган.
Ошол эле күнү милиция бир нече кишини суракка чакырган. Алардын арасынан митингди соцтармактагы баракчасы аркылуу чагылдырган автивист Эртай Искаков, жергиликтүү тургундар Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотов кармалган.
Аларга «бейбаштык» жана «мыйзамсыз жол тосуу» беренелери менен кылмыш иши козголгон.
Үчөө 15-июлда камакка алынып, 20-сентябрда үй камагына чыккан: алар 2 күн убактылуу кармоочу жайда кармалып, андан кийин 66 күн тергөө абагында отурган.
Кийин Сокулуктун соту үчөөнү «бейбаштык» беренеси менен актап, бирок «мыйзамсыз жол тосуу» боюнча күнөөлүү деп тапкан. Искаковго 50 миң сом айып салынып, Балбаев менен Бекболотов 100 күндүк коомдук жумуштарга тартыла турган болгон. Бирок кийинчерээк Чүйдүн соту менен Жогорку сот аларды актаган.
Эки айдан ашык күнөөсүз камакта отурган Балбаев менен Бекболотов мыйзамсыз кылмыш куугунтугуна кабылганы үчүн Ички иштер министрлигинен жана Каржы министрлигинен материалдык жана моралдык кенемте өндүрүп берүү үчүн Биринчи май райондук сотуна доо арыз менен кайрылган.
Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан билдиришкендей, сот Балбаев менен Бекболотовдун арызын жарым-жартылай канааттандырып, Каржы министрлигин аларга моралдык кенемте катары 500 миң сомдон төлөөнү милдеттендирген.
Арыздын калганы бөлүгү канааттандырылган эмес.