Кыргыз балбандарынын бир бөлүгү Олимпиадага катышуу үчүн Парижге жөнөп кетишти. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти Алмаз Бекбоев билдирди.
Анын айтымында, грек-рим күрөшү боюнча спортчулар кечээ, эркин күрөшчүлөр бүгүн таң эрте учуп кетишти.
Кыздар курама командасынан Мээрим Жуманазарова Парижге кетти. Ал 5-август күнү килемге чыгат. Айсулуу Тыныбекова 6-августта, Айпери Медет кызы 7-августта учат.
Спорт департаменти Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков баштаган спортчулардын Парижге жеткен видеосун жарыялады.
Белгилей кетсек, Парижде балбандардан биринчилерден болуп, Жоламан Шаршенбеков күч сынашат. Кыргызстан эгемендүүлүк тарыхындагы биринчи олимпиадалык алтын медалды балбандардан күтөт.