Шакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөт
Казакстандын жарандыгын алууну каалагандар мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү болот
02.08.2024 | 14:45
Казакстандын жарандыгын алууну каалаган адамдар казак тилин билүүгө милдеттүү болот. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин басылмалары жазды.
Аталган норма 12-августтан тарта күчүнө кирет. Ага ылайык, Казакстандын атуулдугун алууну каалаган кишилер мамлекеттик тилди базалык деңгээлде, өлкөнүн баш мыйзамынын жана тарыхынын негиздерин билүүгө тийиш. Алар атайын тесттен өтүп, сертификат алышы керек болот.
Буга чейин өлкөнүн билим берүү министри Саясат Нурбек билдиргендей, Казакстандын алдында эмгек сиңирип, президенттин тизмесине кирген, жашы жете электер жана майыптыгы бар адамдар аталган тестти тапшыруудан бошотулат.