Кыргыз делегациясы Францияда Суу күнүнө арналган иш-чарага катышты

Кыргыз делегациясы Францияда Суу күнүнө арналган иш-чарага катышты

ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында (Франция) 20-21-мартта Мөңгүлөрдү сактоо боюнча Эл аралык жылдын алкагында Мөңгүлөрдүн биринчи бүткүл дүйнөлүк күнү жана Суу күнүнө арналган иш-чаралар өттү. Аларга Кыргызстандын Президентинин Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова жетектеген Кыргызстандын делегациясы катышты.

Иш-чаранын расмий ачылышына ЮНЕСКОнун Башкы директору Одри Азуле, Франциянын Экология министри Аньес Панье-Рюнаше, ошондой эле Кыргызстан, Тажикстан, Италия, Чили жана башка өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын делегациялары катышты.

Иш-чаралардын жүрүшүндө илимий изилдөөлөрдүн маанилүүлүгү, тажрыйба жана билим менен алмашуу, технологиялар, социалдык-экономикалык маселелер, мөңгүлөрдүн эрип жатышынын суу ресурстарына, туруктуу өнүгүүгө, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукка тийгизген терс таасирлери талкууланды. Ошондой эле, мөңгүлөрдү сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн финансылык каражаттарды топтоо жана саясий чечимдер боюнча маселелер каралды.

Жогорку деңгээлдеги жолугушууда сөз сүйлөп жатып, Динара Кемелова президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында илгерилетип келаткан Кыргызстандын дүйнөлүк тоо демилгелери, Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгынын алкагында пландалган иш-чаралар тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты кыскарып жатат, бул климаттын өзгөрүшү өлкөгө кандай таасир берип жаткандыгын көрсөтөт жана тез арада чара көрүү зарыл экендигин далилдейт. Ошондой эле, Атайын өкүл катышуучуларды 2025-жылдын 24-25-апрелинде Бишкек шаарында өтө турган “Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу” аттуу эл аралык конференцияга чакырды.

“Мөңгүлөрдөн океанга чейин: ар кайсы аймактардан мисалдар” деген темадагы иш-чарада Кыргызстандын делегациясы тоолорду туруктуу өнүктүрүү жана мөңгүлөрдү сактоо боюнча беш жылдык пландын максаттары жана иш-чаралары жөнүндө презентация жасады.

Динара Кемелова жана Кыргызстандын Франциядагы Элчиси Садык Шер-Нияз ЮНЕСКОнун Башкы директорунун орун басары Лидия Брито менен жолугушту.

Алар мөңгүлөрдү сактоо, эрте эскертүү системасын киргизүү, Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүгүн жана маданий мурастарын сактоо, Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгынын алкагында тоолор боюнча илимий жана билим берүү конференцияларын биргеликте өткөрүү боюнча долбоорлорду талкуулашты.

Франциянын Тышкы иштер министрлигинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Атайын өкүлү Динара Кемелова Франциянын Президентинин Атайын өкүлү Оливье Пуавр менен жолугушту. Алар тоолуу аймактарды өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүшү шартында алардын экосистемасын коргоо боюнча кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Кыргыз делегациясы Франция, Чили жана эл аралык уюмдардын делегация башчылары менен кыска жолугушууларды да өткөрдү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>