Кыргыз-гана кызматташтыгы жолго коюлууда: Гананын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди

15–17-март күндөрү Гана Республикасынын тышкы иштер министри Сэмюэл Окудзето Аблаква Кыргызстанга алгачкы ирет расмий сапар жасоодо. Бүгүн, 16-мартта, Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев аны менен жолугуп, кыргыз-гана кызматташтыгын өнүктүрүү багыттарын талкуулады.
Анын ичинде тоо-кен өнөр жайы, айыл чарба, санариптик технологиялар жана медициналык билим берүү тармагында өнөктөштүк орнотуу маселелери каралды. Ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүгө көңүл бурулду.
Ошондой эле жолугушууда мранзиттик-логистикалык потенциалды өнүктүрүү алкагында Гана Кыргызстанды Борбордук Азия рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгү катары карап жатканы айтылды. Ал эми Кыргызстан Гана аркылуу Батыш Африка рыногуна чыгуу көздөйт.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:
- Саясий консультацияларды өткөрүү тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жоюу жөнүндө макулдашуу.
Жолугушуунун соңунда тараптар жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн активдүү диалогду улантуу ниетин ырасташты.