Жаңы жылдык майрамдардын алдында кыргыз-казак чек ара тилкесинде 108 баш бодо мал кармалганын УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Талас районундагы «Арал» чек ара заставасынын Чуңкур-Ашуу аймагындагы участкасында чек арачылар 27 баш бодо малды жүктөп бара жаткан Кыргызстандын жарандарын кармашкан. Кароо учурунда бодо мал Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келгени, аларда казак биркалары бар экени аныкталган.
31-декабрда Чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Кемин чек ара заставасында чек арачылар 81 баш бодо малды табышкан. Малда казакстандык биркалар болгон.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин мал-жандыктар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз