Түрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолуКыргызстандык Медет кызы Азия оюндарында күрөштөн коло медаль алдыAsman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке какты
2025-жылы кыргызстандыктар кайсы күндөрү эс алат? Өкмөттүн токтому
01.01.2025 | 11:47
Министрлер кабинети 2025-жылдагы майрам күндөрдү жылдыруу боюнча токтом кабыл алды.
Документте белгиленгендей, мындай чечим дем алыш жана майрам күндөрдү сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынган.
Беш күндүк график менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери үчүн:
1-январдан 7-январга чейин жаңы жылдык каникулдар болот;
2-январдын ордуна 11-январь (ишемби) иш күнү;
3-январдын ордуна 24-февраль (23-февраль жекшембиге түшкөндүктөн дем алыш жылмак) иш күнү;
6-январдын ордуна 10-март (8-март ишембиге туш келгендиктен дем алыш жылмак) жумуш күн;
2-май иш күн эмес болуп, ал 1-сентябрь (31-август жекшембиге түшкөндүктөн дем алыш жылмак) иш күнү болот.
Менчик ишканаларга ушул графикти колдонуу сунушталары кошумчаланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар