Кыргыз-казак чек арасында 160 жүк ташуучу унаа кезекте турат

Кыргыз-казак чек арасында 160 жүк ташуучу унаа кезекте турат

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде 10-декабрь күнү саат 18: 00дө Ак-Тилек, Кең-Булуң жана Чалдыбар өткөрүү пункттарында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги пайда болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди.

Жалпысынан чек араны көзөмөлдөө үчүн 160ка жакын жүк ташуучу унаа кезекте турган.

Чек ара кызматы жүк ташуучулар үчүн чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө кыргыз тарапка эч кандай чектөө болбогонун белгилейт.

Кыргызстандын Чек ара кызматы автоунааларды  тыюу салынган жүктөрдү ташыбоо үчүн текшерүүгө алат. Аларга  баңги заттар, курал-жарак, ок-дарылар, жардыргыч заттар кирет.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана унаалардын тыгыны катталбаганын белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>