Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Кыргыз-казак чек арасында 370тей жүк ташуучу унаа топтолуп калды
21.08.2023 | 22:12
Бүгүн, 21-августта «Ак-Жол — автожол» постунун алдында жүк ташуучу унаалардын топтолушу катталганын УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, саат 18:30га карата Кыргызстандан чыгуу үчүн мамлекеттик чек арада кезекте турган 370ке жакын унаа бар.
Кыргызстандын Чүй тилкесиндеги чек ара өкүлдөрү унаалардын жай өтүшүнүн себептери боюнча казак өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүү маселесин карап жатышат. Ошентип, саат 09:00дөн 18:00гө чейинки аралыкта казак тарап 3 унааны өткөргөн.
Белгилей кетсек, УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан эч кандай чектөө киргизилген эмес жана өткөрүү пункту күнүмдүк режимде иштеп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом