Кытай Кыргызстандын суусун Европага реэкспорттоону каалайт

Кытай Кыргызстандын суусун Европага реэкспорттоону каалайт

Кытай Кыргызстандан алган ичүүчү сууну Европага реэкпорттоону каалайт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен “Qingdao Laoshan Mineral Water” компаниясынын төрагасы Ван Данын жолугушуусунда айтылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Министрлер кабинетинин башчысы өлкөнүн суу ресурстарынын ишке ашпай жаткан потенциалын белгилеп, эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

“Биз мөңгүлөрдүн булагында турабыз жана экологиялык жактан таза ичүүчү сууну Кытайга, Европа жана Азия өлкөлөрүнө экспорттоого даярбыз. Бизге “Qingdao Laoshan Mineral Water” сыяктуу компаниялардын тажрыйбасы керек, деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Ван Да Кыргызстандан ичүүчү суу сатып алып, аны Кытай аркылуу Европага экспорттоого кызыктарлыгын билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>