Бакыт Төрөбаев айыл чарба министри кызматынан бошотулдуКаныбек Досмамбетов Кыргызстандын саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулдуМанас шаарынын аталышы кайра өзгөртүлбөйтКыргызстандын тигүү ишканалары төрт банк аркылуу жеңилдетилген насыяларды ала алышатЕБ башпаанек берүү эрежелерин катаалдатууда: мигранттар үчүнчү өлкөлөргө депортацияланат«Чакан ГЭС» жана кытайлык ишкана Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо боюнча келишимге кол коюшту
Казакстан чек арада кармаган кыргызстандык кызды Орусияга өткөрүп берет
06.06.2024 | 10:34
Казакстандын “Кордай авто” мамлекеттик чек арасында 19 жаштагы кыргызстандык Алина Горшенина кармалды. Бул тууралуу маалыматты Тышкы иштер министрлиги ырастады.
Мекеменин маалыматында, ал эл аралык издөөдө болгон. Казакстандын милициясы камакка алып, аны Орусияга өткөрүп бермекчи.
Алинанын апасы Лариса Горшенинин жергиликтүү медиага айтымында, кызына жалаа жаап, жок жерден Орусияда оор кылмышка айыпташууда.
“Кызым эл аралык издөөдө жүргөнүн билген эмес. Ал Казакстанга 2 күндүк турга бара жаткан. Орусияда кызым акыркы жолу 2018-жылы болгон. Анын кичинекей баласы бар”, – дейт ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз