Бир чыкылдатуудагы коркунуч: алдамчылар зыяндуу программалар аркылуу телефондогу акчаны кантип уурдашат жана мындан кантип коргонуу керек?Бишкектин «Ак-Босого» конушунда 3-ноябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтМирбек Атабеков Казакстандын II даражадагы «Достык» ордени менен сыйландыТЖЭШ жана короону коргоо: Санжар Жанатов менен маекОрусия менен Европанын ортосунда согуш чыкса, жеңүүчүлөр болбойт — ПутинСудьялар сот отурумдарынын видеожазуулары жана актылардын туш келди тандалган үлгүлөрү боюнча текшерилет
Казакстан чек арада кармаган кыргызстандык кызды Орусияга өткөрүп берет
06.06.2024 | 10:34
Казакстандын “Кордай авто” мамлекеттик чек арасында 19 жаштагы кыргызстандык Алина Горшенина кармалды. Бул тууралуу маалыматты Тышкы иштер министрлиги ырастады.
Мекеменин маалыматында, ал эл аралык издөөдө болгон. Казакстандын милициясы камакка алып, аны Орусияга өткөрүп бермекчи.
Алинанын апасы Лариса Горшенинин жергиликтүү медиага айтымында, кызына жалаа жаап, жок жерден Орусияда оор кылмышка айыпташууда.
“Кызым эл аралык издөөдө жүргөнүн билген эмес. Ал Казакстанга 2 күндүк турга бара жаткан. Орусияда кызым акыркы жолу 2018-жылы болгон. Анын кичинекей баласы бар”, – дейт ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз