Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Кыргыз күрөшү боюнча улуттук команда Казандагы дүйнө чемпионатына катышат
17.06.2025 | 11:12
Кыргызстандын кыргыз күрөш боюнча улуттук курамасынын мүчөлөрү Татарстандын Казань шаарында өтө турган III Дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеш 20-23-июнь күндөрү өтөт.
Чемпионатка төмөнкү балбандар катышат:
Эркектер арасында:
– 60 кг Толубай Шүкүров;
– 66 кг Арлен Эстебесов;
– 72 кг Назарбек Космосбек уулу;
– 78 кг Бактияр Кадырбек уулу;
– 84 кг Мыктыбек Өмүрзак уулу;
– 90 кг Азизхан Мусабек уулу;
– 96 кг Асанкелди Нурказым уулу;
– +96 кг Бактияр Мирлан уулу.
Кыз-келиндер арасында:
– 60 кг Бегай Бейшенаалы кызы;
– 66 кг Аземи Камчыбекова;
– +66 кг Айжан Анарбекова.
Курама команда машыктыруучу Азизбек Айтмурза уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт