29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болот
Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылат
28.01.2022 | 16:07
Кытайда “Жаз” майрамын белгилөөгө байланыштуу кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү бекеттеринин иштөө тартиби өзгөртүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришти.
Тактап айтканда, 29-январдан 6-февралга чейин кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара аймагында жайгашкан “Торугарт-унаа жолу” жана “Эркечтам-унаа жолу” өткөрмө бекеттери жабык болот, 31-январь жана 4-февраль күндөрү аталган өткөрүү пункттарында жумуш күнү.
“Торугарт- унаа жолу” жана “Эркечтам-унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайлары 7-февралдан баштап атайын алгоритмдин негизинде Кытайдан Кыргызстанга транспорт каражаттары менен жүктөрдү гана алып өтүүгө болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом