Чек ара жаңжалы: Ташиев баштаган топ Тажикстан өкүлдөрү менен кездешти

Чек ара жаңжалы: Ташиев баштаган топ Тажикстан өкүлдөрү менен кездешти

28-январь күнү  Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесинде тараптардын делегацияларынын жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын делегациясын  Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектөөдө . Делегациянын курамына президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев  ж.б.  мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери кирди.

Тажик тараптан Тажикстан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, Согди облусунун төрагасы, Чек ара аскерлеринин колбашчысы жана УКМКнын төрагасынын орун басары, ошондой эле башка официалдуу өкүлдөр болушту.

Тараптардын делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун жана Тажикстан Республикасынын Согди облусунун тиешелүү аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилери да кирди.

Жолугушуунун жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар төмөнкүлөрдү чечишти:

  1. биргелешкен комиссияга тиешелүү укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын катышуусу менен чыр-чатактын келип чыгуу себептерин тыкыр иликтөөнү уюштурууну;
  2. чыр-чатактын башталышында үйлөрүн таштап кеткен бардык жергиликтүү тургундардын кайтып келишин камсыз кылууну;
  3. аскердик түзүлүштөрдүн бардык бөлүктөрү тиешелүү чек ара сызыгынан чыгарылшын;
  4. бардык тосулган жолдорду, талкаланган инфраструктураны жана электр линияларын калыбына келтирүүнү камсыз кылууну;
  5. Тараптардын бийлик органдары келечекте чек ара, суу жана жер жаңжалдарын алдын алуу жана болтурбоо максатында чек ара аймагында тийиштүү көзөмөлдү камсыз кылууну.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>