Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленет
Кыргыз-кытай чек арасындагы эки өткөрүү пункту убактылуу жабылат
26.05.2025 | 11:13
31-майда кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан “Торугарт- автожол” жана “Иркештам-автожол” унаа өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Аталган өткөрүү пункттары 1-июндан тарта кайрадан ачылат.
Чек ара Кытайда Ажыдаар кайык фестивалы өтүп жаткандыгына байланыштуу Кытай тараптын демилгеси менен жабылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом