Ошто туристтик сезон расмий түрдө ачылдыКазакстандын Энергетика министрлиги мунайды кайра иштетүү кубаттуулугун эки эсеге арттырууну жана Борбордук Азиядагы позициясын чыңдоону пландаштырууда«Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолунун курулушу: бүгүнкү күндө кандай иштер жасалуудаЕАЭБ өлкөлөрү авиациялык мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө киришишетИран АКШга карата талаптарын катаалдантты: ИРСКнын таасиринен улам сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелдиКыргызстан эл аралык агрофорумга катышууда: тараптар технологияларды трансферлөө аркылуу АӨКтү заманбапташтырууну макулдашты
Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоору колдоо тапты
10.10.2022 | 20:29
Бүгүн, 10-октябрда парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун жактырды. Бул тууралуу комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков билдирди.
Анын айтымында, келишимдин долбооруна 6 депутат “макул” жана 4 эл өкүлү “каршы” добуш берген. Айдарбеков өзү бул документтин долбооруна макулдугун берген эмес.
Эми аталган документ президенттердин кол коюусунан кийин Жогорку Кеңешке ратификацияга алынып келет.
Эскерте кетсек, бүгүн комитеттин жыйында маалымат берген УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, документке ылайык, Кыргызстан 19 миң 699 гектар жер алып, Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 га жери берилерин билдирген.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом