Ташиев: Кемпир-Абаддын 4 миң 485 га жери Өзбекстанга берилет

Ташиев: Кемпир-Абаддын 4 миң 485 га жери Өзбекстанга берилет

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара боюнча келишим долбооруна ылайык Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 гектар жери Өзбекстанга берилгени жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кезексиз жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Жыйында Ташиев эки өлкө ортосундагы чек ара боюнча келишимдин долбоору тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, Өзбекстан менен чек ара маселесин чечишүүдө талаштуу жерлердин дээрлик баары Кыргызстанга өтө турган болууда. Жалпы айтканда Кыргызстанга 19 миң 699 гектар алынууда.

Ошол эле учурда ал бул чек ара маселесин такташууда Кыргызстан толук жеңүүчү болбогонун айтып, Өзбекстанга Кемпир-Абаддын 4 миң 485 га жери бериле турганын белгиледи.

Анын айтымында, суу сактагычтын жерин берүү тууралуу 1965-жылы эле чечим болгон.

Учурда алар сүйлөшүүлөрдүн жолу менен суу сактагычтын 908 горизанталын (5 миң 735 гектар) 900гө чейин түшүрүшүп, Кыргызстанга 1 миң 246 га жер калууда. Аны кыргызстандык жарандар айдоо иштери үчүн пайдалана алышат. Ошондой эле Кемпир-Абаддын суу баскан жери үчүн берилбей калган 308 га жердин ордуна 1 миң га Кыргызстанга алынууда.

Ошол эле учурда ал Кемпир-Абаддагы суунун алдындагы жер Өзбекстанга берилип, бирок сууну колдонуу боюнча биргелешкен ишкана түзүлөрүн айтты. Кыргызстандык жарандар суу сактагычтын суусун сугат, малды сугаруу үчүн пайдалана алат жана балык уулоого чектөө болбойт.

Андан тышкары ал билдиргендей, бул маселе боюнча айрым жарандар «Кемпир-Абаддын» суусу соолуганда, Кыргызстан бергени жаткан 4 миң 485 га жерди бизге калтыруу» боюнча пунктту киргизүүнү сунуштаган.

Ташиев бул маселе боюнча Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Ариповго кайрылып, аталган сунушту айткан. Арипов ич-ара сүйлөшүүлөрүнөн кийин өз шартын билдирген. Өзбек тараптын шарты боюнча, азыр Кемпир-Абад келишим боюнча алына турган 18 гектар жер кайра Өзбекстанга кайтарылыш керек болот.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>