Мамытов Ташиев менен азыр мамилеси кандай экенин айтты

Мамытов Ташиев менен азыр мамилеси кандай экенин айтты

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Талант Мамытов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин парламенттин жабык жыйынына 2 ящик курал алып келген окуядан кийин анын атайын кызматтын жетекчиси менен мамилеси кандай экенин Reporter.kg’ге айтып берди.

Мамытов саясатчы, эл өкүлү катары адамдар менен жекече жана иш боюнча мамиле болорун белгиледи.

«Жекече жана жумуш боюнча мамиле болот. Бизде жекече уруш-талаш болгон эмес. Бирок парламентке болгон аракет бир эле мага эмес, жалпы парламентке болгон (кадыр-баркына доо кетирген — ред.) аракет катары бааладым», — деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Камчыбек Ташиевдин парламентке 2 ящик курал алып келгени тууралуу депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыккан. Аталган окуядан кийин Мамытов төрагалыктан кеткен.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: парламент

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>