1-декабрдан 3-декабрга чейинки аралыкта “Кызыл-Кыя-Автожол” жана Өзбекстандын “Өзбекстан-Автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктарында жабылат. Бул туурасында Бажы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жолго асфальт төшөө, асфальттоо иштери жүргүзүлүп жатканына байланыштуу автотранспорттордун бул посттор аркылуу жүрүшү чектелет. Буга байланыштуу белгиленген мөөнөттө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан жүктөрдү жана транспорттук каражаттарды өткөрүү «Достук-автожол» өткөрүү пункту аркылуу өтөт.