Байгелди Нурдинов: “Саясатчы өз оюн так, даана билдире алышы керек”

Байгелди Нурдинов: “Саясатчы өз оюн так, даана билдире алышы керек”

Саясатчы өз оюн так, даана билдире алышы керек. Бул тууралуу Байгелди Нурдинов шайлоочулар менен болгон жолугушууда билдирди.

Ал эл өкүлдөрүнүн арасында оюн так топтоп айта албагандар бар экенин айтып, саясатчылар акылы, билими жана тажрыйбасы жагынан тетик болушу керектигин баса белгиледи.

“Үгүт иштерин жүргүзүп далай жерди кыдырдым. Мага “жашсың, эмнеге саясатка аралашып жатасың? Бийликти самап калдыңбы?” деген сыяктуу суроолорду беришүүдө. Биринчиден, мен парламентке шайланып келе турган болсом, элиме кызмат өтөгөнгө мүмкүнчүлүк алам. Экинчиден, өзгөрүүлөргө салым кошоюн деген ниетим бар. Жогорку Кеңешке элди акча берип көндүрүп койгон айрым талапкерлер да бара жатат. Бактыга жараша, “Альянс” партиясы акча менен эмес, акыл менен иш алып барган талапкерлерден турат. Курамына кирген экономист, юрист, журналист, дарыгер, мугалим жана башка кесип ээлери кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн эмгектенет деп ишенем”, – деди Нурдинов.

АЛЬЯНС — 3 — БИР КҮЧ!
Байгелди Нурдинов — 34

 

Даярдоочу: «Акчабар» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1. Нускасы: 1 даана. “Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Чыгарылган күнү: 24-ноябрь, 2021-жыл.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>