Кыргызстандын Калкты тейлөө борборлору (КТБ) 11 күндүк эс алууга чыгатКыргызстан аба паркын кеңейтет: 2026-жылы жаңы Airbus жана жүргүнчү учак алуу пландалуудаЕАЭБ жалпы каттамдарды түзүү үчүн туризмди өнүктүрүү концепциясын бекитти27-декабрга карата аба ырайыТүштүк Кореяда 4 миңден ашуун кыргызстандык жумушка орношууга кызыкдарСанкт-Петербург шаары Кыргызстан менен шаар башкарууну санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүшөт
Кыргыз паспорту менен кайсы өлкөгө визасыз кирсе болот?
01.07.2024 | 20:00
Кыргызстандын жалпы жарандык паспортунун ээлери 27 өлкөнүн аймагына визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Алар: Азербайжан, Армения, Грузия, Молдова, Вьетнам, Малайзия, Монголия, Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Түркия, Сербия, Украина, Өзбекстан, Мальдив, Антигуа жана Барбуда, Барбадос, Гаити, Доминики, Намибия, Сент-Винсент жана Гренадины, Филиппины, Тринидад жана Тобаго, Эквадор, Микронезия.
Ал эми дипломаттык жана кызматтык паспортторунун ээлери дагы 27 чет мамлекеттин аймагына виза албай бара алышат.
Белгилей кетсек, аталган мамлекеттерде визасыз жүрүү мөөнөтү бир айдан тарта, кошуна жана КМШ аймагындагы өлкөлөр менен мөөнөтсүз белгиленген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом