Эсен Шерботоев «Кыргыз почтасы» ишканасынын башкы директору болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.
Кечээ, 18-майда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана санариптик өнүгүү министри Азамат Дыйканбаев Шерботоевди ишкананын жамаатына тааныштырган.