Бишкек менен Ошто «Франкофония жазы – 2026» фестивалы өткөрүлөтКыргызстандын эл артисти, белгилүү актёр Абдыкалык Акматов дүйнөдөн кайттыАйыл чарба министри оорулуу малды бөлүп кармоону жана ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырдыКыргызстанда токойлорду калыбына келтирүүгө 81 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү1-апрелден тарта автоунааларды каттоо толугу менен онлайн форматка өтөтКыргыз тарыхы боюнча 15 томдук китеп жазылат
Кыргыз тарыхы боюнча 15 томдук китеп жазылат
25.03.2026 | 11:27

Кыргызстанда кыргыз тарыхы боюнча 15 томдук китеп жазылат. Бүгүн, 25-мартта, Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия эмгектин долбоорун карап, анын түзүмү менен мазмундук багыттары бекитти. Кеңешме мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин төрагалыгы алдында өттү.
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин төрагалыгы алдында өткөн кеңешмеде жазыла турган китептин автордук курамы аныкталып, кол жазмаларды тапшыруу мөөнөтү белгиленди.
Мындан тышкары жыйында Бишкек шаарында байыркы кыргыз жазууларын чагылдырган инсталляциялык комплекс түзүү демилгеси талкууланды. Бул багытта тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилди.