Трамп Ормуз кысыгын бөгөттөөгө буйрук берди – ИРСК жооп кайтардыКыргызстан түрк мамлекеттери менен санариптик экономика боюнча макулдашууну ратификациялайтӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго бардыВенгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурадыӨнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайы
Кыргыз-тажик чек арасы: 43,32 чакырым жер макулдашылды
08.10.2023 | 11:30
Баткенде 3-8-октябрда кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркация боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук масаелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик чек арасынын 43,32 чакырым жери боюнча макулдашууга келген.
Ошондой эле калган тилкелер боюнча иштер улантылат.
Жолугушуунун жыйынтыгы менен тиешелүү протоколго кол коюлган.
“Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом