Банктар сентябрда 63,4 миллиард сомдук жаңы насыя бердиБишкек менен Ошто муниципалдык жерлерди ижарага берүү эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаКыргызстанда үй-бүлөлүк талаштар боюнча сотко кайрылууну жөнөкөйлөтүүнү каалашатБишкекте онкологиялык оорусу бар балдардын ата-энелери үчүн 70 орундуу пансион курулуудаАла-Арчаны бойлой променад: Бишкекте аймак асфальттоого даярдалуудаКыргызстан жана АӨБ 2028-2032-жылдарга өнөктөштүк стратегиясын талкуулашты
Азия оюндары: Айаал Лазарев коло байге алды
07.10.2023 | 18:12
Эркин күрөш боюнча кыргызстандык спортчу Айаал Лазарев (125 кг) Азия оюндарынын коло байгесинин ээси болду.
Айаал Лазарев бүгүн, 7-октябрда таймашка чыгып, 1/8 финалдагы биринчи беттешинде индиялык балбанды 10:0 эсебинде жеңген. Ал эми чейрек финалда монгол балбанынан жеңилүү ызасын тарткан. Бирок монголиялык спортчу финалга чыккандыктан, Лазарев 3-орун үчүн беттешке чыгууга мүмкүндүк алган.
Коло үчүн беттеште ал өзбекстандык балбан менен күрөшүп, акыркы мүнөттө жеңишке жетти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз