Кыргызстандык спортчулар Азия оюндарында 15 медаль утту (тизме)

Кыргызстандык спортчулар Азия оюндарында 15 медаль утту (тизме)

Кытайдын Ханчжоу шаарындагы Азия оюндарында кыргызстандык спортчулар 15 медаль утту (4 алтын, 2 күмүш жана 9 коло).

Медалдык эсепте Кыргызстан 18-орунду ээледи. Аталган мелдешке 45 мамлекеттен 12,5 миңге жакын спортчу катышты.

Алтын байгени дзюдочу Эрлан Шеров, грек-рим күрөшү боюнча балбандар Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков, ошондой эле балбан кыз Айпери Медет кызы алды.

Күмүш байгени балбан кыз Нурзат Нуртаева жана каратечи Адилет Шадыканов утту.

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова, эркин күрөш боюнча балбандар Орозобек Токтомамбетов, Айаал Лазарев, грек-рим күрөшү боюнча балбан Раззак Бейшекеев, каратечилер Кымбат Тойтонова, Назим Нурланов, жөө күлүк Сардана Трофимова (марафон), ушу-саньда боюнча мушкерлер Авазбек Аманбеков, Темирлан Аманкулов коло байгенин ээси болду.

Эскерте кетсек, Кытайдын Ханчжоу шаарындагы Азия оюндары 23-сентябрда башталып, бүгүн, 8-октябрда жыйынтыкталды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>