Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, ушул жылдын 21-26-июнь күндөрү Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду.
Тараптар кезектеги жолугушууну Кыргызстандын аймагында өткөрүүнү макулдашты. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.